Транспорт жана коммуникация министри Нарын аэропортунун жолдорунун куруу иштери менен таанышты

Нарын облусуна иш сапары менен барган Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын аэропортунун курулуп жаткан жолдорун көрүп, иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме жетекчиси билдиргендей, жарандардын ыңгайы үчүн ички аба каттамдарын жандантуу менен облус аралык унаа каттамдардын да жүгүн жеңилдейт.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкө боюнча 5 аэропорттун жолун салууга тапшырма берилген.

Связанный пост