Быйыл Жалал-Абад шаарында 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт

Жалал-Абад шаарындагы 200 метрди түзгөн Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Асфальт төшөө жумушун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” ишканасынын Жалал-Абад филиалы жүргүзүүдө.

Быйыл Жалал-Абад шаарында 13 чакырым аралыкка тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт.

 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору

Связанный пост