Саламаттык сактоо министри бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайымга жардам көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту.
Жолугушууда министр Ырыскүл менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, КР Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскулгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин билдирип узатты.

Связанный пост