Ош шаарында РЭТ ишканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо

Ош шаарында РЭТ ишканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди.
Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов имараттын курулушу менен таанышты. Райондук электр тармактарынын жаңы имараты шаардын батыш аймагынын жашоочуларын тейлөө сапатын жогорулатуу максатында курулууда. Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат.
Ош РЭТ ишканасынын башчысы Алмазбек Самидиновдун айтуусуна ылайык, имаратта 85 кызматкер иш алып барат. Жаңы имаратта тиешелүү иштөө шарттарынан тышкары атайын техникалар үчүн орундуктар, спорттук жана маданий эс алуу үчүн аянтчалар түзүлгөн.
Анда белгиленгендей, мындай объектилердин курулушу Кыргызстандын энергетика тармагы туруктуу өнүгүү жолуна түшкөндүгүнүн далили жана республиканын экономикалык гүлдөп-өсүшүнүн негизи болуу үчүн чоң потенциалга ээ.
Эске салсак, шаар тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо кызматы учурда 1967-жылы курулган имаратта иш жүргүзүп келет.

Связанный пост