Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 4 медаль жеңди 

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү күрөш боюнча Азия чемпионатында 4 медаль жеңди (1 алтын, 1 күмүш, 2 коло).

Эркин күрөш боюнча беттештер 13-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү.

61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал, 57 кг салмакта Алмаз Сманбеков күмүш медаль жеңди. Ошондой эле 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 кг салмакта Орозбек Токтомамбетов коло байгенин ээлери болушту.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджиновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Белгилей кетсек, курама команда эртең 16-апрель Кыргызстанга келишет.

Связанный пост