Ош шаарында А.Навои атындагы парктын жанындагы жашыл зонаны реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт 

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ферас бассейнинен А.Навои атындагы эс алуу багына чейинки аймакта жайгашкан жашыл зонаны реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, АРИС программасынын алкагында жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аталган аймакты реконструкциялоо боюнча долбоор түзүлгөн.

Ага ылайык, тротуарлар, оргумалар, балдар аянтчаларын, амфитеатр сыяктуу бир топ объекттерди куруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Учурда бул долбоордун алкагында тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо иштери аяктап, тендер өткөрүлгөндөн кийин курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталат.

Связанный пост