Бишкекте «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы болуп өттү

Бүгүн, 2023-жылдын 15-апрель күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы болуп өттү.

Салтанаттуу иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов барып катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Министр өз сөзүндө “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгилеп, ” Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү сиздер кыргыз эли үчүн нар көтөргүс чоң иш жасап жатасыздар, сиздер бир гана сайма менен чектелбей, ала кийиз, шырдак, элечек, айтор, ж.б. ата- бабабыздан калган бир катар улуттук өнөрлөрүбүздү туу тутуп, дүйнө элине даңазалап жатасыздар.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана кылып жаткан иш- аракеттериңиздерди дайыма колдойбуз” деп билдирди.

“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин экенин билгиледи.

Маалымат үчүн: Бекитилген жобого ылайык, «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышышат.

Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:

1-багыт: «Сайма чемпионаты – 2023»;

2-багыт: «Мыкты белдемчи» сынагы.

«Сайма чемпионаты – 2023» катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлөт:

1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;

2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.

Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.

Эске салсак элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай, мурас катары сактап калуу аракетинде 2021- жылы өткөн сайма чемпионатында 500гө жакын саймачылардын башын бириктирген. Ал эми, 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат.

Связанный пост