Өзгөн районунда аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды

Өзгөн району боюнча аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Дагы апрель айынын аягына чейин жалпысынан 535 сертификат тапшырылат. Иш-чарага вице-спикер Жамиля Исаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Төлөнов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

“Биздин өлкөнүн аялдарынын 65%ы – айыл жергесинде турушат. Алардын ар бири айыл чарбасында же социалдык сектордо иштешет. Алар Өлкөбүздүн өнүгүшүнө, азык-түлүк коопсуздугун сактоого чоң салым кошуп келишет. Ошону менен бирге өз аймактарын жана бүтүндөй өлкөнү ар кандай товарлар жана кызматтар менен камсыз кылууда электтик аялдардын ролу өтө чон.

Элеттик аялдар экономикабыздын өнүгүшү үчүн канчалык зор потенциалды түзөрүн түшүнүп, Эмгек министрлиги аларга ар кандай жумушка орноштуруу жана кесиптик окутуу долбоорлору аркылуу туруктуу колдоо көрсөтүп келет.

«Социалдык контракт» келишими ишкердик аркылуу элет жергесиндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Долбоордун катышуучулары финансылык сабаттуулукка жана бизнес-долбоорлоого окутуудан өтүшөт. “Социалдык контракт”долбоорун ишке ашырууга Өзгөн районунун жергиликтүү бийлик органдары, маморгандардын аймактык түзүмдөрү, 535 аз камсыз болгон үй-бүлө жана ошондой эле бейөкмөт уюмдар катышат” – деди министрдин орун басары Жылдыз Полотова.

Министрдин орун басары ошондой эле аталган долбоорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосун белгиледи. “Аталган долбоор боюнча шайлоочулар КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгесин колдошот. Бүгүнкү оор турмуштук кырдаалды жеңүүгө жардам берүү – бул кыргызстандыктардын кийинки муундарынын өнүгүүсүнө салым экендигин баарыбыз түшүнөбүз. Өз ишин өз мекенинде ачуу мүмкүнчүлүгү менен кыргызстандыктарга эмгек миграциясына кетүүнүн кажети жок, балдар үй-бүлөдө энелери менен чоңоюшат. Күчтүү бакубат аялдар Кыргызстандын татыктуу жарандарын тарбиялап жатышат”, – деди ал.

Связанный пост