Galleries

Аймак

Нарында 500 түп алма жана 100 түп өрүктүн көчөттөрү отургузулду

Нарын шаарындагы М. Жусаев жана Алма Бак парктарында алманын жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчөт отургузуу иш чарасына президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана Ага Хан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, […]Читать далее

Экономика Эл аралык мамилелер

Сауд өнүктүрүү фонду менен эки келишимге кол коюлду

2023-жылдын 23-24-апрелинде Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршаддын ортосунда “Турак жайды каржылоо” жана «Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзгөн эки […]Читать далее

Коом

Бишкекте “Казакстан” мейманканасынын айланасындагы тосмо бузудурулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча  башкармалыгынын «Койша жана С» ЖЧКсына  («Казакстан» мейманканасы) карата доо арызынын негизинде муниципалдык аймак соттун чечими менен бошотулду. Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Жибек-Жолу проспектиси 601 дарегинде жайгашкан объектти бузуп жатышат. Жер тилкесинин чыгыш тарабында 3х100 метр өлчөмүндөгү шлакоблок тосмосу, темир  конструкция менен тосулган футбол […]Читать далее

Министрлер кабинети Эл аралык мамилелер

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолукту. Жолугушууда тараптар муктаж болгон жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган турак жай программасын жана социалдык миссияны ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле, алдыда кол коюла турган документтерди практикалык ишке […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода жүгүртүү былтыр эки эсеге көбөйдү

КР Финансы министри А.Бакетаев менен Австрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вилли Кемпел мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Финансы министри А.Бакетаев Вилли Кемпелге жана Австрия Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын тажрыйба алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан үчүн гидроэнергетика, айыл чарба өнөр жай, медицина жана инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы технологиялар абдан  маанилүү экени баса белгиленди. […]Читать далее

Маданият

“Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында уланууда 

Бүгүн, 24- апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Тактап айтканда “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында ОшМУда “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” аталышындагы илимий –практикалык конференция өтүүдө. Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Түгөлбай Казаков, Самара Токтакунова, Табылды Актанов, Роза Аманова, Зайнидин Иманалиев, Жолболду Алыбаев, […]Читать далее

Аймак Билим

Баткендин чек арадагы айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мектептин курулушуна капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, Президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча […]Читать далее

Укук тартиби

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун

КР УКМК тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү […]Читать далее

Коом

Байтик-Арчалы-Жал унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Байтик-Арчалы-Жал унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 жол тейлөө мекемесинин жолчулары жолдун 420 метр жерине асфальт жаткырышты. Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери 22-апрелде башталган. Быйыл Байтик-Арчалы-Жал унаа жолунун 4 чакырымын оңдоо каралган. Жалпы 9 чакырым болгон жолдун былтыр 3 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жүргөн. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол […]Читать далее

Маданият

СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата концерт өттү 

23- апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрында Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата даярдаган концертин тартуулашты. Концертке аталган музыкалык мектептин жетекчилиги жана мугалимдери, окуучулардын ата-энелери, ошондой эле Болот Миңжылкиевдин жакындары, шаар тургундары катышышты. Даңазалалуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө арналган концерт […]Читать далее