Бишкекте “Казакстан” мейманканасынын айланасындагы тосмо бузудурулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча  башкармалыгынын «Койша жана С» ЖЧКсына  («Казакстан» мейманканасы) карата доо арызынын негизинде муниципалдык аймак соттун чечими менен бошотулду.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Жибек-Жолу проспектиси 601 дарегинде жайгашкан объектти бузуп жатышат.

Жер тилкесинин чыгыш тарабында 3х100 метр өлчөмүндөгү шлакоблок тосмосу, темир  конструкция менен тосулган футбол аянтчасынын бир бөлүгү жана 2х100 метр тор тосмо, жайкы ашканасынын  3х14 метр өлчөмүндөгү чатыры, 3х14 метр эс алуу жайы  жана жер тилкесинин батыш тарабындагы 3х2 метр өлчөмүндөгү пескоблок тосмосу алынууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 2021-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча бөлүмдүн аткаруучусу тарабынан «Коиша жана  С» ЖЧКсына  уруксат берилбеген муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен алып салуу сунушу менен билдирүү тапшырылган.

Связанный пост