“Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында уланууда 

Бүгүн, 24- апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Тактап айтканда “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында ОшМУда “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” аталышындагы илимий –практикалык конференция өтүүдө.

Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Түгөлбай Казаков, Самара Токтакунова, Табылды Актанов, Роза Аманова, Зайнидин Иманалиев, Жолболду Алыбаев, манасчылар Назаркул Сейдракманов, Амантай Кутманалиев, Рыспай Исаков, маданият ишмерлери, төкмө акындар, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, академик Абдылдажан Акматалиев, окумуштуу-түрколог Кадыраалы Коңкобаев, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Казакстан Республикасынан келген кадырлуу коноктор жана ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, искусство факультетинин студенттери, окутуучулары, салтуу музыканын күйөрмандары катышууда. Конференция онлайн форматында да жүрүүдө.

Конференциянын алкагында маданият тармагына кошкон салымы жана билим берүүдөгү үзүрлүү эмгектери үчүн катышып жаткан маданият өкүлдөрүнө ОшМУга эмгек сиңирген ишмер төш белгиси, Ардак Грамотасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле салттуу музыканы өнүктүрүүгө кошкон жигердүү салымы үчүн Ош мамлекеттик университетинин бир катар окутуучуларына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, Ардак грамоталары” ыйгарылды. Маданият министрлигине тиешелүү сыйлыктарды сыйлык ээлерине министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тапшырды.

“Салттуу музыка жумалыгы” бүгүн 24-апрелде, саат 18: 00 дө Султан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрында “Кылым кайрыктары” аталышындагы искусство ишмерлеринин концерти менен уланат.

Связанный пост