МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолукту.

Жолугушууда тараптар муктаж болгон жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган турак жай программасын жана социалдык миссияны ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле, алдыда кол коюла турган документтерди практикалык ишке ашырууну талкуулашты.

“Сауд өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы эң маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте бул чечимдердин кабыл алынышында Сиздин салымыңыз жана колдооңуз чоң”, – деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташууну жогору баалады.

“Кыргызстан менен Фонд 12 жыл тыгыз иш алып барып, жемиштүү жетишкендиктерди жасай алдык. Акыркы 2 жылда кызматташуубуз жогорку деңгээлге жетти. Сауд өнүктүрү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого даяр”, – деди Султан Аль-Маршад.

Жолугушууда тараптар ошондой эле, ишке ашуу стадиясында турган маанилүү долбоорлорду талкуулашты.

Связанный пост