Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода жүгүртүү былтыр эки эсеге көбөйдү

КР Финансы министри А.Бакетаев менен Австрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вилли Кемпел мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Финансы министри А.Бакетаев Вилли Кемпелге жана Австрия Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын тажрыйба алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан үчүн гидроэнергетика, айыл чарба өнөр жай, медицина жана инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы технологиялар абдан  маанилүү экени баса белгиленди.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын январь-декабрында соода жүгүртүү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 14,5 млн АКШ долларын түздү.

Связанный пост