СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата концерт өттү 

23- апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрында Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата даярдаган концертин тартуулашты.

Концертке аталган музыкалык мектептин жетекчилиги жана мугалимдери, окуучулардын ата-энелери, ошондой эле Болот Миңжылкиевдин жакындары, шаар тургундары катышышты.

Даңазалалуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө арналган концерт абдан шаңдуу маанайда өтүп, келечекте кыргыз музыка өнөрүнүн ээси болчу жаш таланттар өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көргөзүштү.

Белгилей кетсек, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев 1940-жылы 24-апрелде туулган.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын студиясында окуган.

КРнын эл артисти С. Юсуповдон, С.Х. Чеховдон сабак алган. 1962-ж. КРнын маданият министрлигинин жолдомосу менен Өзбек Республикасынын Ташкент мамлекеттик консерваториясынын вокалдык бөлүмүнө кабыл алынган. Студент кезинен эле бир катар эл аралык кароо-сынактарга катышып, жеңүүчү болгон. Чыгармачылыгынын аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырган. 25 жашында Фрунзедеги опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин эл артисти жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгонго жетишкен. Кыргыз ССР Жогорку советинин депутаты болгон.

Связанный пост