Сауд өнүктүрүү фонду менен эки келишимге кол коюлду

2023-жылдын 23-24-апрелинде Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршаддын ортосунда “Турак жайды каржылоо” жана «Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.

Связанный пост