Ош шаарындагы N 27 партсъезд атындагы орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны бүтүп калган. Жумуш кызуу жүрүүдө. Белгиленген планга ылайык имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.Читать далее
Айтматов проспектиси менен Ажибек Баатыр көчөсүнүн кесилишинде бош муниципалдык жер тилкеси бар. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адистери заманбап көз караштагы абдан кызыктуу көрктөндүрүү долбоорун даярдашты. Аянтка асфальт жана брусчатка төшөлүп, кичинекей фонтан, түнкү жарык, отургучтар жана балдар аянтчасы орнотулуп, бир нече бактын түрү отургузулат. Эс алуу аянтчада чоңдордун жана балдардын ыңгайлуу эс алуусу үчүн керектүү нерселердин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Иш-чараны КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз […]Читать далее
Түп районунун, Ой-Тал айылында Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жаӊы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оӊдоп-түзөөгө Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн. 900,0 сом, Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миӊ сом бөлүнгөн. Бала бакчанын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Акылбек […]Читать далее
Бүгүн, 13-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Каракол шаарында Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Президенттин атынан Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов катышышты. Жетекчилер сөз сүйлөп, Президенттин атынан Ысык-Көл элин ыйык […]Читать далее
Бүгүн, 14-апрелде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк семинар башталды. Окутуунун жүрүшүндө “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “мектептин өнүгүү планы” “инвестицияларды тартуу боюнча мектептин иш тажрыйбасынан” темаларында презентациялар жасалат. Мындан сырткары катышуучулар “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев: Германия ишкерлери үчүн Министрлер Кабинети ыңгайлуу шарттарды түзүүгө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германия Федеративдик Республикасынын делегациясы жана герман бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп жатып, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тараптуу өнүгүүсүнө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди. “Кыргызстан герман бизнесине активдүү катышууга даяр. Баарыбызга белгилүү, Германия бардык тармактарда тынымсыз прогрессти көрсөтүп жатат жана дүйнөдөгү экономикасы жогору мамлекеттердин катарына кирет. Ошол себептүү Германиядан […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын Санкт-Петербург шаарындагы жыйындарынын алкагында Казакстандын
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган жолугушууда эки тараптуу байланыштарды арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 27-мартында И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 2005-жылдын 4-февралында туулган А.А.Б. жана 2007-жылдын 8-майында туулган А.Б.Т. кармалды. Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 […]Читать далее
2023-жылдын 13-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Кыз-келиндер арасында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык балбан кыздар 3 медалга ээ болушту: Айсулуу Тыныбекова (алтын) Айпери Медет кызы (күмүш) Калмира Билимбекова (коло) «Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Маданият, […]Читать далее