Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарына ооз ачар өткөрдү

Бүгүн, 13-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Каракол шаарында Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Президенттин атынан Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов катышышты.
Жетекчилер сөз сүйлөп, Президенттин атынан Ысык-Көл элин ыйык Рамазан айы менен куттукташты.

Связанный пост