«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын чемпиондорун тосуп алышты

2023-жылдын 13-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү.

Кыз-келиндер арасында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык балбан кыздар 3 медалга ээ болушту:

Айсулуу Тыныбекова (алтын)

Айпери Медет кызы (күмүш)

Калмира Билимбекова (коло)

«Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Спорт жана дене тарбия департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спорттун Олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Артур Геворгян жана спортчулардын туугандары, ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты.

Связанный пост