Президент насыя берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамга кол койду

 Президент насыя берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

 

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.

 

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жеке жак тарабынан жеке жакка процентсиз заем берүү кесиптик заем берүү болуп саналбайт деген ченем менен толукталат.

 

Мында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эсептерди ачуу жана салымдарды каттабоо үчүн жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндөгү жоопкерчиликти караган ченем алып салынат.

 

Мындан тышкары “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында төмөнкүдөй ченемдер белгиленет:

 

– өзүнүн фирмалык аталышында «ислам» деген сөздү тийиштүү уруксат берүүчү документтин негизинде ишти банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу микрофинансы уюмдары гана пайдаланууга укуктуу;

 

– көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссиялык сыйакынын жана кызматтар үчүн акынын өлчөмү микрофинансы уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет;

 

– микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, катышуучулар (уюштуруучулар, акционерлер) жана микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик менен байланышкан жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү;

 

– мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча эсептелген бышмананын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сандан ашууга тийиш эмес;

 

– эгерде күрөө предметин өндүрүп алуу процессинде тараптардын макулдашуусу менен сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жайлар түрүндөгү кыймылсыз күрөө мүлкү ачык тооруктар аркылуу гана сатылат;

 

– микрофинансы уюмдарында банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароонун тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш. Кардарлардын кайрылуулары жазуу жүзүндөгү жоопту берүү менен отуз календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө каралууга тийиш;

 

– микрофинансы уюмдары кардардын талабы боюнча ага уюштуруу, уруксат берүү документтери жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү;

 

– эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаштарды сотко чейинки жөнгө салуунун алкагында чечилет;

 

– эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары аткарылбаса, микрофинансы уюмунун атынан кулактандыруу же маалымат туура эмес баяндалгандыгы же кардарларды жана коомчулукту адаштыра тургандыгы жөнүндө билдирүүнү микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого жана мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын көрүүгө укуктуу.

Связанный пост