ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

 ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев 23-апрелде Монголия мамлекетине расмий сапар менен жөнөп кетти.

 

Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) Төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат.

 

Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталашындагы эл аралык конференцияларга катышат.

 

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Чингиз Айдарбеков, Эрулан Кокулов, Алишер Козуев, Чыңгыз Ажибаев, Нурбек Алимбеков коштоп жүрөт.

Связанный пост