Акылбек Жапаров менен Улуу Британиянын ТИМ башчысы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

 Акылбек Жапаров менен Улуу Британиянын ТИМ башчысы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбордук Азия боюнча иш сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

Минкаб башчысы министрге өткөн жылдын ноябрь айында Улуу Британияга сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, учурда тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

 

Акылбек Жапаров Дэвид Кэмеронго бул сапардын алкагында Уэльстеги Concrete Canvas заводунун иши менен да таанышканын эске салды.

 

«Компаниянын Кыргызстанда завод куруу ниети бизди абдан кызыктырат», – деди Акылбек Жапаров жана бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы ийгиликтүү экономикалык кызматташтыгына үлгү болоорун кошумчалады.

 

Өз кезегинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

Связанный пост