Жыл башынан бери 3024 дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

 Жыл башынан бери 3024 дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

 

Насыялар 2 категория боюнча берилүүдө.

 

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 114441,0 миң сомго 356 насыя;

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1130395,0 миң сомго 2668 насыя.

 

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.

 

Долбоор дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.

Связанный пост