Бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери тартиптик жаза алышты

 Бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери тартиптик жаза алышты

Президенттин Жарлыктарынын аткарылышы жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана мамлекеттик органдарда аткаруу тартибинин абалы боюнча маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди.

Эскертүү алгандар:
1. Кулубаев Жээнбек – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
2. Талантбек Иманов – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
3. Буржуев Азамат – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Сөгүш алгандар:
1. Нурия Кутнаева – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
2. Тилек Текебаев – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
3. Алтынбек Максүтов – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
4. Жумамүдүн Жумалиев – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
5. Арыкбаева Бүбүжан – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
6. Раимкулова Асель – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
7. Элчибек Жантаев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мындан тышкары, Президенттин Администрациясынын коллегиясынын чечими менен бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Мамлекет башчыга сунуштар киргизилет.

Связанный пост