Чолпон-Атадагы “Жетиген” базарынын ээси кармалды

 Чолпон-Атадагы “Жетиген” базарынын ээси кармалды

Чолпон-Ата шаарындагы “Жетиген” базарынын — “Курорторг Жетиген” ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан “Курортторг Жетиген” ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмышка шектелүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Связанный пост