24.04.24 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада 300дөн ашуун түгөй баш кошту

 24.04.24 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада 300дөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24.04.24 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 317 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө жалпы 73 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, Ош шаарындагы Бакыт үйүндө болсо 15 салтанат өттү.

Ведомстводон кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.

Связанный пост