Акылбек Жапаров: Биз, президенттин командасы, социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында жетишилген олуттуу ийгиликтер менен сыймыктанабыз

2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары тарабынан камсыздалды. Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Минкаб башчысы Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын Президентинин саясатын колдоо деңгээли 82% түзсө, бир жыл мурун бул көрсөткүч 86% түзгөнүн-бул мындан ары кайраттуу реформаларды жүргүзүү үчүн бийликке чыныгы күчтүү мандат.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, бул биздин өлкөнүн тарыхында гана эмес, азыркы дүйнөдө да чыныгы рекорддук деңгээл. Биз, Президенттин командасы, социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында жетишилген олуттуу ийгиликтерге сыймыктанабыз. Биз өлкөнүн ИДПсын эки эсеге көбөйттүк. Экономикалык өсүү темптери акыркы үч жылда орточо 7%дан ашык (2021-5,5%; 2022-9%; 2023-6,2%), бул экономиканын учурдагы пост-ковид жана геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашып, туруктуу өнүгүүгө карай жылып баратканынан кабар берет. 2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары менен камсыз болду: өндүрүштүн көлөмү курулушта 10,3%, тейлөө чөйрөсүндө 6,2%, өнөр жайда 2,7%, айыл чарбасында өсүш 0,6% түздү.

ИДП жан башына дээрлик 2 миң долларды түздү», – деди ал.

Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фонду өлкөбүздүн экономикалык өсүү болжолун кайра карап чыкканын, Дүйнөлүк банк да Кыргызстандын экономикасы боюнча божомолун жакшыртканын кошумчалады.

Минкаб башчысынын айтымында, Экономика жана соода министрлиги 2024-жылга карата ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат деп болжолдоодо, ал эми реалдуу өсүү темпи 6 пайызды түзөөрү күтүлүүдө. Инфляция 2023-жылы 13,9%дан 10,8%га төмөндөдү жана 2024-жылга карата 5,5%дан 6,5%га чейин болушу болжолдонууда.

«Биз 2024-жылдын биринчи кварталын 8,8% өсүш менен аяктадык. Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик үч эсеге көбөйттүк. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашты, ал эми 2024-жылга 600,7 миллиард сом пландалууда, бирок Каржы министрлиги бул көрсөткүчтөн ашат деп болжолдоодо. Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар», – деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле мамлекеттик банктарды, өнүктүрүү фонддорун, мамлекеттик ишканаларды жана компанияларды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«2020-жылы пандемия учурунда мамлекет бир заводду өнүктүрүүгө каражат таппай калган. Бүгүнкү күндө өндүрүш линияларын кеңейтип, завод-фабрикаларды, ишканаларды жаңылоого каражат бөлдүк. Садыр Нургожоевич ишкерлерге жана инвесторлорго реалдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Жакынкы жылдарда бул заводдор жана ишканалар мындан да жогорку натыйжаларды бере башташат деп ишенем, — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Связанный пост