Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Президенти менен жолугушту

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Монголиядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, байланыштарды бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-монгол мамилелери акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: «20 жылдан ашык убакыттан кийин былтыр мамлекеттик сапар уюштурулуп, Кыргыз Президенти Монголияга келип кетти. Аталган мамлекеттик сапар байланыштардын жаңы барагын ачып, бардык багыттагы кызматташтык үчүн бекем пайдубал болуп берүүдө», – деди.

Муну менен катар монгол Президентине Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирди.

Ошондой эле тарыхый тамыры терең эки элдин орток маданий баалуулуктарын изилдөө маселелерине токтолду.

Алсак, Жогорку Кеңештин Төрагасынын расмий сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында жайгашкан Чыңгыз Хан атындагы Улуттук тарых музейинде «Көчмөндөр цивилизациясынын табериктери» аттуу сүрөт көргөзмөсү жана «Кыргыздардын Чыңгыз Хан жана анын урпактары ортосундагы тарыхый байланыштар» темасындагы конференция уюштурулган.

Жолугушууда соода байланыштарын арттыруу багытындагы сунуштары менен да бөлүшкөн Нурланбек Шакиев: «Биздин окшоштуктарыбыз өтө арбын. Эки мамлекетте тең деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан, соода-логистикалык маселелерди ыкчамдатып чечип, экономикалык алакаларды арттырышыбыз керек. Көчмөн турмушта жашаган тоолук элдин урпактары катары бул максатыбызга да кыска убакытта жетишебиз деген ишеничтемин», – деди.

Ал эми Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух бул расмий сапар байланыштарды арттырууга кошумча дем берерин билдирип, кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин кошумчалады.

Муну менен катар айтылган ар бир сунушту колдой тургандыгын айткан Президент бардык тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Кыргызстан менен кызматташуу Монголиянын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз эки жактуу жана көп багыттуу алакаларда тыгыз кызматташып, маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Анын ичинен үзгүлтүксүз түз аба каттамын ачуу башкы максатыбыз», – деди Ухнаагийн Хурэлсух.

Сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасынын Президентине саламын жолдоп, кийинки жылы Кыргызстанга баруу планы бар экенин маалымдады.

Связанный пост