Аймак

Баткен облусунда диний экстремизм жана эмдөө боюнча жыйын өттү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустун мусулмандарынын казысы жана район шаарлардын баш- имам хатибдери менен кеңешме өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты. Жыйында үч маселе каралды. Алар, -Диний экстримизм жана терроризмдин алдын алуу -Жугуштуу ооруларга […]Читать далее

Билим

1-класска электрондук каттоо: Бир айда 63 миңден ашуун бала кабыл

Кыргызстанда 8-майга карата 63 миң 144 бала электрондук түрдө 1-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнөн билдиришти. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча: Ош облусу – 12 526; Жалал-Абад облусу – 12 353; Чүй облусу – 9 519; Баткен облусу – 7 529; Ысык- Көл облусу – 5 794; Нарын […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы 4 айда 88,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-апрель айларында 88 млрд 575,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 3,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу жыйымдардын көрсөткүчтөрү 15 млрд 61,5 млн сомго көбөйгөн. Анын ичинде 64 млрд 801,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 298 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 4 айына […]Читать далее

Коом

Бишкекте “Асанбай” паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат

Бишкек шаарынын мэриясы “Асанбай” паркынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын белгилейт. Аталган парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот. Ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен “шайтан араба” аттракционун орнотуу пландалып жатат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория ж.б. болот. Учурда иштеп жаткан зоопарк […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери пенсияга 28,8 млрд сом каржыланды

2024-жылдын январь-апрель айларында пенсияга 28 млрд 834 млн 739 миң 304 сом каржыланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт. Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн: Бишкек шаары — 4 млрд 737 млн 563 миң 834 сом; Чүй облусу — 4 млрд 338 млн 576 миң 021 сом; Нарын облусу — 2 млрд 258 млн 965 миң 792 сом; Ысык-Көл […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемесин 2 млн колдонуучу көчүрүп алды

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 млн жолу жүктөлүп алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бул анын Кыргызстандын жарандары арасында актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экенин тастыктайт. “Биз жарандарга көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн абдан ыраазыбыз. Биз мамлекеттик онлайн кызматтарды дагы да жеткиликтүү кылуу боюнча иштерди улантабыз. Жарандардын канааттануусу биз үчүн чоң ийгилик”, – […]Читать далее

Коом

УКМК алтын куймалардын чуулгандуу видеосу комментарий берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактардагы алтын куймалардын чуулгандуу видеосу боюнча үн катты. Атайын кызматтан кабарлашкандай, интернет социалдык түйүндөрүндө алтын куймалары бар кандайдыр бир жүк тууралуу чагымчыл видео таралып, анда белгисиз адам алар Кыргыз Республикасынын саясий жетекчилиги менен туугандык байланышы бар адамдарга таандык экенин белгилеген. Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтар боюнча, бул чагымчыл видеотасманы […]Читать далее

Коом

Минск шаарындагы №11-мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы

Бүгүн, 7-майда, Минск шаарынын № 11-орто мектебине Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев, Элчиликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын Беларуста жашаган жарандары катышты. Мектеп окуучулары жана иш-чаранын коноктору алдында сүйлөгөн сөзүндө Эрбол Султанбаев Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 400 чакырым чарба аралык каналдар оңдолду

 Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сугат иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 398,5 км чарба аралык каналдарда оӊдоп-түзөө жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 376 гидротехникалык курулмалар, 145 суу өлчөөчү пост, 107 насостук станция, 183 насостук […]Читать далее

Коом

ЖКККББ: Мектептердин айланасындагы ылдамдыкты чектөө белгиси 40тан 30га түшүрүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дүйнөлүк практиканы эске алып, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн мектептердин айланасындагы 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол  белгисин 40 чакырымдан 30 чакырымга түшүрүүнү сунуштоодо. Азырынча бул долбоор пилоттук режимде иштелип, Бишкек шаарынын жол жээгине жакын жайгашкан  8 орто мектептин айланасына 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол  белгисин орнотулуп, 30 чакырымдан ылдамдыкты ашырган […]Читать далее