1-класска электрондук каттоо: Бир айда 63 миңден ашуун бала кабыл алынды

 1-класска электрондук каттоо: Бир айда 63 миңден ашуун бала кабыл алынды

Кыргызстанда 8-майга карата 63 миң 144 бала электрондук түрдө 1-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнөн билдиришти.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

  • Ош облусу – 12 526;
  • Жалал-Абад облусу – 12 353;
  • Чүй облусу – 9 519;
  • Баткен облусу – 7 529;
  • Ысык- Көл облусу – 5 794;
  • Нарын облусу – 3 848;
  • Талас облусу – 3 393;
  • Бишкек шаары – 6 238;
  • Ош шаары – 1 944.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы 8-апрелде башталган.

Связанный пост