Аймак

Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.   Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин саммитине катышуу үчүн Москвага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.   Мамлекет башчынын борту Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.   Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин […]Читать далее

Кырсык

Кыргыз-тажик чек арасында ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынан билдиришти.   “Бүгүн, 7-майда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында […]Читать далее

Президент

“Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча

“Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.   Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган социалдык инфраструктура объекттерин андан ары колдонуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери жашайт

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Анын ичинен 3 майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы 7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат.   Аймактар боюнча ардагерлердин саны төмөнкүдөй: Бишкек шаарында – 22, Чүй […]Читать далее

Коом

Кытайдын Шаосинь шаарында текстиль тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай бизнес форуму

2024-жылдын 6-майында Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарынын Кэцяо районунда текстиль өнөр жайынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кыргыз-кытай бизнес форуму болуп өттү.  Анын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Кытайдагы Элчилиги жана Шаосинь текстиль шаарынын Чет өлкөлүк рынокторду илгерилетүү Ассоциациясы болушту. Иш-чарага Кыргызстандын текстиль индустриясынын 70тен ашык өкүлдөрү жана кытай компанияларынын 40ка жакын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын КЭРдеги […]Читать далее

Коом

Прагада Кыргызстандын ардактуу консулдугу расмий ачылды

3-майда Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өттү.   ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков, Чехия парламентинин депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек, Тышкы иштер министрлигинин, Чехиянын башка мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү, Казакстандын, Түркиянын жана Азербайжандын Чехиядагы элчилери, ошондой эле Чехияда жашаган мекендештер катышты.   Иш-чарада Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Толенды […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.   Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.   Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: – министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев; – тышкы […]Читать далее

Саясат

Ферганада Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жолукту

Фергана шаарында 6-майда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун жолугушуусу өттү. Кыргызстандын атайын кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 6-майда Фергана шаарында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ачык жана конфиденциалдуу түрдө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач “Кумтөр” ишканасынын жетекчилик курамы менен жыйын өткөрдү. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кендин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешинин, ошондой эле бардык алдыга коюлган пландардын аткарылышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Андан соң ишкананын машина оңдоочу жайына барып, […]Читать далее