Жыл башынан бери пенсияга 28,8 млрд сом каржыланды

 Жыл башынан бери пенсияга 28,8 млрд сом каржыланды

2024-жылдын январь-апрель айларында пенсияга 28 млрд 834 млн 739 миң 304 сом каржыланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Бишкек шаары — 4 млрд 737 млн 563 миң 834 сом;
  • Чүй облусу — 4 млрд 338 млн 576 миң 021 сом;
  • Нарын облусу — 2 млрд 258 млн 965 миң 792 сом;
  • Ысык-Көл облусу — 2 млрд 588 млн 177 миң 696 сом;
  • Талас облусу — 1 млрд 187 млн 768 миң 622 сом;
  • Ош шаары — 1 млрд 038 млн 478 миң 164 сом;
  • Ош облусу — 5 млрд 264 млн 529 миң 981 сом;
  • Баткен облусу— 2 млрд 479 млн 089 миң 512 сом;
  • Жалал-Абад облусу— 4 млрд 941 млн 649 миң 682 сом.

Связанный пост