Минск шаарындагы №11-мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды

 Минск шаарындагы №11-мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды

Бүгүн, 7-майда, Минск шаарынын № 11-орто мектебине Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев, Элчиликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын Беларуста жашаган жарандары катышты.

Мектеп окуучулары жана иш-чаранын коноктору алдында сүйлөгөн сөзүндө Эрбол Султанбаев Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи.

Элчи бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө салым кошо алган мыкты адистер жана өз мекенинин чыныгы патриоттору болуп чыгышына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын алкагында мемориалдык тактанын ачылышы жана мектеп окуучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Маалымат үчүн: Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган фашисттерди акыркы граната менен жардырып жиберген. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1944-жылдын 22-июлундагы Жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Связанный пост