ЖКККББ: Мектептердин айланасындагы ылдамдыкты чектөө белгиси 40тан 30га түшүрүлөт

 ЖКККББ: Мектептердин айланасындагы ылдамдыкты чектөө белгиси 40тан 30га түшүрүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дүйнөлүк практиканы эске алып, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн мектептердин айланасындагы 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол  белгисин 40 чакырымдан 30 чакырымга түшүрүүнү сунуштоодо.

Азырынча бул долбоор пилоттук режимде иштелип, Бишкек шаарынын жол жээгине жакын жайгашкан  8 орто мектептин айланасына 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол  белгисин орнотулуп, 30 чакырымдан ылдамдыкты ашырган айдоочуларга эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жарандардан сурамжылоо учурунда дээрлик баары балдардын коопсуздугу үчүн “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жол белгисин 30 чакырымга түшүрүү жол кырсыктарынын алдын алууда чоң жардам берээрин айтышууда.

Связанный пост