Бишкекте “Асанбай” паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат

 Бишкекте “Асанбай” паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат
Бишкек шаарынын мэриясы “Асанбай” паркынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын белгилейт.
Аталган парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот. Ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен “шайтан араба” аттракционун орнотуу пландалып жатат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория ж.б. болот.
Учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайыкташтырылгандыктан, ишин уланта бермекчи.
Бүгүнкү күндө «Бишкек башкы архитектура» ишканасытарабынан долбоор иштелип жатат. Келечектеги парктын жалпы концепциясы бар, ал курулуш нормалары жана эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат.
Учурда сейил бак эски аттракциондор алынгандан кийинки курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетчү нерсе, бул парктын аймагында көп кабаттуу турак жайларды куруу планда жок.

Связанный пост