Аймак

Ысык-Көлдөгү “Симирам” эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд сомдон ашкан “Симирам” эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо(адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан, жалпы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров аскер бөлүктөрүнө күжүрмөн тууларды тапшырды

Кыргыз Республикасынын президенти – Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө үч аскер бөлүгүнө күжүрмөн тууларды тапшырды. Мамлекет башчысы Баткен облусунда 2,5 миллиард сомдук заманбап аскердик шаарчалардын, турак үйлөрдүн жана бала бакчалардын курулушу аяктап жатканын белгилеп, бул иш-чаралар аскер кызматкерлери үчүн шарттарды жакшыртууга багытталганын баса көрсөттү. Мурас айылындагы №35524 […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев Азербайжан, Казакстан жана Россиянын парламент жетекчилерине көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйроого учураган азербайжандык жүргүнчү учагынын кесепетинен жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафаровага, Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге, ошондой эле Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго көңүл […]Читать далее

Президент

Президент жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катысы Аскат Алагөзов билдириди. Анын айтымында мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат. Иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Түз алып көрсөтүүнүн башталышы — 12:00.Читать далее

Аймак

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

26-декабрь күнү саат 23:22де Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, жер титирөөнүн күчү очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Кадамжай районунун Лангар айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кара-Оток айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Ош […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Россияга болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Эки иш-чара тең Ленинград облусунда өттү. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн жаңы жылдын алдындагы маданий программа тартууланды. Иш сапарын аяктап, Президент […]Читать далее

Президент

Ленинград облусунда өткөн ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар

26-декабрда Ленинград облусунда (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.   Кеңейтилген курамдагы отурумда мамлекеттердин лидерлери ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин башчыларына жана чакырылган Иран делегациясынын башчысына сөз берүү чечимин кабыл алышты, анткени негизги талкуулар чакан курамдагы отурумдун жүрүшүндө өттү.   Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөдү, […]Читать далее

Кадр саясаты

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Молдогазиев Айбек Бейшеевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Молдогазиев Айбек Бейшеевич Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.   Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары – Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армениянын төрагалыгынын […]Читать далее

Ден соолук

Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны 9 эсеге азайды

2001-жылдан бери өлкөдө жаңы төрөлгөн ымыркайларды В вирустуу гепатитине каршы эмдөө программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, курч В вирустук гепатити балдар арасында сейрек катталат. “Жалпысынан калк арасында оорунун көрсөткүчү 9 эсеге кыскарды”, – деп айтылат маалыматта. Кошумчалай кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 14-ноябрынан тарта Кыргызстанда 11 жаштагы […]Читать далее