Бишкекте опузалап акча талап кылган архитектор кармалды

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, 3 миң доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүздү. Ошентип, 20-майда “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын имаратында тинтүү иштерин жүргүзүүдө буга чейин Ж.Р.Ж. аттуу жетектөөчү адиси акча каражатынын бир бөлүгүн алгандыгы боюнча документтер табылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ж.Р.Ж. жарандардын кайрылууларын кароо боюнча функционалдык милдеттерин аткаргандыгы үчүн Б.К.Ж. аттуу жарандан муниципалитетке таандык ижарага алынган жер участогунун функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени оң чечүү үчүн 3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Учурда кармалган жарандын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, аталган коррупциялык схемага башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги такталууда.