Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген 2024-жылга бажы төлөмдөрү боюнча такталган болжолду ийгиликтүү аткарды. 2024-жылга бажы кызматы үчүн 121 миллиард сом өлчөмүндө кирешелердин такталган болжолу бекитилген, ал үстүбүздөгү жылдын 24-декабрына карата толугу менен аткарылды. Ушул күнгө карата чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2023-жылдын жылдык кирешесинен 9,5 миллиард сомго ашты. Белгилей […]Читать далее
Бүгүн, 25-декабрда, Ленинград облусунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу болуп өттү. Салтка айланган саммитке Президент Садыр Жапаров менен катар Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Өз сөзүндө Владимир Путин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. «Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү учагынын кыйрашынын кесепетинен Россиянын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшүп, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн […]Читать далее
Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. «Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын […]Читать далее
Казакстандагы учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктар Мангистау облустук ооруканасында дарыланууда
Тышкы иштер министрлиги Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди. Казакстан медициналык жайларынын кызматкерлеринин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын үч жараны — 2004-жылы туулган А.Р.Т., 1998-жылы туулган О.Т.М. жана 1988-жылы туулган Д.Э.Д. — азыркы тапта Мангистау облустук көп тармактуу ооруканасында дарыланууда. “Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, учурда А.Р.Т.нын абалы оор деп бааланууда. Калган кыргызстандык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Ленинград облусунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Жолугушууга келген Беларустун президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды. Жолугушуунун башында Россия президенти Владимир […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Министрлер Кабинети электрондук сооданы, технологияны жана инновацияны өнүктүрүүгө
Министрлер Кабинети электрондук сооданы, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар тараптуу колдоону улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы биринчи “LEMON Shopping” маркетплейсинин ачылышына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул долбоорду заманбап технологияларга жана инновацияларга багытталган олуттуу кадам катары кароого болорун […]Читать далее
Борбор калаанын тургундарына жана конокторуна шаар ичинде жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук транспорт көбөйтүлүүдө. Мэриядан билдиришкендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында 2024-жылдын январь айында Бишкек шаарына газ менен иштеген 124 автобус алынган. Муну менен катар, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен алынган 1000 автобустун калган 500 автобусу келди. Ошондой эле Германия […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Балыкесир провинциясындагы заводдогу жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Түркиянын Балыкесир провинциясында жарылуучу заттарды чыгаруучу заводдогу болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын […]Читать далее
Кадамжай районундагы жеке менчикке алынган социалдык объектилер жана айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүүнү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы социалдык инфраструктура объекттерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды. Тактап айтканда, […]Читать далее