Кадамжайда 18 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун аталган борборго барды. Соода-логистикалык борбор жергиликтүү калктын демилгеси менен ишке ашырылып жатат. Каржылоо Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында […]Читать далее
Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат: Биринчи этап – укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, […]Читать далее
Контрабандалык товарларды легалдаштырууга багытталган коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында тиешелүү салык төлөмдөрүнөн качуу максатында өлкө аймагына тиешелүү товардык […]Читать далее
“Келечекке салым” балдар аманатынын 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 18 жашка толгон жаранга берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон эсеп ачылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алгачкы жолу депозит Бишкек […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Башкы прокурор Максат Асаналиевди кабыл алды. Жолугушууда башкы көзөмөл органынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп, анын ичинен артыкчылыктуу багыттар талкууланды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттин өнүгүшү жана өлкөдөгү туруктуулук прокуратура тармагынын ишине түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп: “Ага ылайык, Башкы прокуратурага укук үстөмдүгүн орнотуу менен мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүү […]Читать далее
“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында эми кайтарымсыз каражат 150 миң сомдон бериле баштайт . Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Быйыл бул каражатты 13 миң 334 адам ала алат. “Быйыл инфляцияга […]Читать далее
Жакында Баткен районунда кубаттуулугу 500 тонналык соода-логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борборго барды. Бул соода-логистикалык борбор министрликтин демилгеси менен ишке ашырылып, каржылоонун айкалышкан ыкмасы […]Читать далее
Жамангулов санариптик өнүгүү жана инновациялар технологиялары министринин милдетин аткарат
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарына, 71-беренесине ылайык, Жамангулов Азамат Саадатбекович санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоо үчүн сунушталды.Читать далее
Кыргызстан жакында алты мамлекеттин паспортторун чыгарат. Бул тууралуу 31-мартта президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, учурда Африканын Гана жана Намибия өлкөлөрү менен паспорт даярдоо боюнча келишим түзүлгөн. “Кийинки жумада чет мамлекеттер менен дагы төрт келишимге кол коюлат. Бирок, келишимдерге кол коюлмайынча азырынча бул кайсы өлкөлөр экендигин айта албайм. Бул тууралуу паспорт […]Читать далее
Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул токтомдун максаты КР президентинин “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле транспорт каражаттарын эсепке алууну жөнгө салуу жана жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу. […]Читать далее