Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Азербайжандын Кыргызстандагы Элчилигине барып көңүл айтуу китебине жазуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, Азербайжандын жүргүнчүлөрдү ташыган учагынын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине, Азербайжандын кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшүү жана көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Чүй облусунда Көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун пайдубалына мезгил

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун пайдубалына мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын кампалык кыймылсыз мүлк рыногу учурда өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин, дээрлик жогорку класстагы кампалар жетишпегенин айтып, бүгүн курулушу башталып […]Читать далее

Аймак

“Ош-Нуру” мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды

Ош шаарындагы баасы 18 млн доллардан ашык “Ош-Нуру” мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлерине автоунаалардын ачкычын

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлери үчүн 54 автоунааны тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. “Жаңы жылдын алдында сот аткаруучулар кызматы түзүлгөндөн бери биринчи жолу жаңы кызматтык унааларды алып жатат. Бул өлкөнүн материалдык-техникалык базасы чыңдалып жаткандыгынан кабар берет, ал эми материалдык-техникалык базанын жакшы […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Күн мурун Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ак-Терек айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта, Тосой айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышта, Жийде айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Салам-Алик айылынан 22 чакырым түндүк-батышта жана Жалал Абад шаарынан 42 кчакырым түндүк-чыгышта орун алды. Калк жашаган […]Читать далее

Экономика

Кепилдик фонд аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 3,1 млрд сомдон ашык каражат

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1088 кепилдик берилген. Фонддон маалымдашкандай, бул бардык берилген кепилдиктердин 40%ын түзөт. Аталган мезгил аралыгында аялдардын бизнесин колдоо үчүн берилген кепилдиктердин көлөмү 868 млн сомдон ашыкты түздү. “Кепилдик фонд” ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө кепилдиктердин үчтөн биринен ашыгы – бизнести колдоого багытталган […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанга ак кантты импорттоого убактылуу тыюу салуу каралууда

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин сунушу менен дыйкандарды колдоо максатында Кыргызстандын аймагына 6 айлык мөөнөткө ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мында негизи максат – жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев “Аты-жөндү кыргызча атоо келечегибиз үчүн өтө маанилүү”

Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары жаңы жылдан тарта Нурланбек Тургунбекович эмес, Нурланбек Тургунбек уулу болорун белгилеп: “Депутат Мирлан Самыйкожо менен бирге долбоорду демилгелеп жатканда аты-жөндү нукура атоону максат кылганбыз. Мындай аракет келечегибиз үчүн өтө маанилүү”, – деди.Читать далее

Коом

Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн туристтери үчүн визасыз режим киргизди

Кыргызстан 2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Аравия Падышачылыгы, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар, Кувейт мамлекеттеринин, Оман Султандыгынын жана Бахрейн Падышачылыгынын жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөлөрдүн туристтик максатта келген жарандары Кыргызстандын аймагында 360 күндүк мөөнөттүн ичинде 180 күндүк мөөнөттө уруксат берүүчү документтерди алуусуз жүрүү укугуна ээ болушат. Башка максаттар менен кирген учурда […]Читать далее

Кырсык

Казакстанда учакта жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы тууралуу сүйлөштү. Ведомствонун маалыматы боюнча, алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто. “Казакстандык медицина кызматкерлери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүп, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта. Алымкадыр Бейшеналиев казак кесиптештерине кесипкөйлүгү жана ыкчам аракети үчүн […]Читать далее