Мамлекеттик салык кызматы мыйзамга ылайык Салык кодексиндеги салык төлөөчүлөрдү “нөлдүк” көрсөткүчтөр менен отчетторду берүүдөн бошоткон өзгөртүүлөр тууралуу эскертет. Ведомстводон маалымдашкандай, бул өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес, аны белгиленген тартипте тапшыруу керек. Бул өзгөртүү мурунку отчеттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да жайылтылат, анткени ал салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар […]Читать далее
Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы окуяга шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Милициянын маалыматы боюнча, окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (“Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү”) кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ш.А. аттуу аттракциондун оператору кармалып, […]Читать далее
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө жайгашкан биринчи ротордук унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Мэриядан билдиришкендей, бул инновациялык чечим шаардын мейкиндигин натыйжалуу пайдаланууга жана тыгыз курулуш шартында унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, жаңы ротордук унаа токтотуучу жай 10 унаага ылайыкталган. Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар […]Читать далее
Ысык-Көлдө 29,8 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Түп айыл өкмөтүндөгү 29,8 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөндүгү аныкталган. Жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан баасы 13 млн 82 миң сомду түзгөн 29,8 гектар […]Читать далее
2024-жылы “Учкун” ААК 1,7 млрд сом киреше тапты. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов күн мурун ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген Жогорку Кеңештин депутаттарына айтып берди. Ишканадан билдиришкендей, “Альянс” жана “Ынтымак” фракцияларынын депутаттары “Учкун” ишканасынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери менен жеринде таанышып, 2024-жылдагы каржылык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат алышты. Бообек Салимжановдун айтымында, ишкананын […]Читать далее
Кыргызстанда жазгы талаа иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билидришти. Маалыматка ылайык, учурда республиканын Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы 116,7 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен: Буудай – 35,3 миң га себилип, жалпы пландын 34,3% түздү. […]Читать далее
“Учкун” акционердик коомунда 2024-жылдын май айынын декабрь айына чейин жалпы 770 миң 103 даана паспорт даярдалган. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кенештин депутаттарынын “Учкун” акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушуусунда белгилүү болду. Анда маалымдалгандай, анын 359 миң 221 даанасы жалпы жарандык паспорт, ал эми 410 миң 882 даанасы ID-карта. Ошондой эле паспорт өндүрүү борборунда 27 жаңы жумушчу […]Читать далее
Панфилов сейил багындагы кырсык. Минкаб башчысы кооптуу аттракциондордун ишин токтотууну
Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы окуядан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине коопсуздук талаптарына жооп бербеген, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аттракциондордун ишмердүүлүгүн токтотуунун бирдиктүү тартибин тез арада иштеп чыгууну тапшырды. Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция да тиешелүү иштерди алып барууда. Текшерүү […]Читать далее
Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулду. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 31-мартта аттракциондон кыздын кулап түшкөн окуясынан кийин аттракциондун ээсине 35 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, мэриянын, Биринчи май районунун акимчилигинин жана укук оргоо органдарынын өкүлдөрү […]Читать далее
“Женго” каймана аттуу Кадыр Досоновдун буюртмасы боюнча жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. маалыматка ылайык, быйыл УКМК тарабынан 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган А.З.А. аттуу жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде бул киши өлтүрүүнүн […]Читать далее