Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында тапшырмаларды аткаруу тартибин сактоонун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны — 5779. Алардын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы — 5,2%. Бул боюнча аймактардан начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. […]Читать далее