Президент: «Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

 Президент: «Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

Крыша болуу” деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер Кабинетинин жыйынында.

Мамлекет башчысы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 млрд 486 млн сом болгонун белгиледи.

– Салыктык кирешелер – 104,5 млрд сомду түздү.

– Салыктык эмес кирешелер – 25,3 млрд сом;

– Трансферттер (которуулар) – 3,7 млрд сомду түздү.

Негизги киреше салыктык кирешелерди чогултуудан,

– Салык кызматы 72,8 млрд сомду,

– Бажы кызматы 31,7 млрд сом чогултту.

Салыштыруу үчүн, пандемияга чейин 2019-жылы Салык кызматы 36,8 млрд сом, Бажы кызматы 18,4 млрд сом чогулткан. Мындан биз бул тармактарда коррупцияны максималдуу кыскартып жаткандыгыбызды көрүүгө болот.

“Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм.

«Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим:

Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз!

Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз.

Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.

Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет”,- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост