Президент социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча ЖӨБ органдары менен ишти күчөтүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды

 Президент социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча ЖӨБ органдары менен ишти күчөтүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен комплекстүү ишти күчөтүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды.

»Үстүндө үйү бар адамдын дүйнөсү түгөл» деген накыл кеп бар.

Кыргызстанда жыл сайын 30 миңден 50 миңге чейин жаштар баш кошушат. Үйгө болгон муктаждык чоң.

Албетте, өнүккөн өлкөлөр деле элин 100% үй менен камсыз кылып жибере алган эмес.

Бирок биз бул багытта, айрыкча социалдык үйлөрдү салуу жаатында чечкиндүү иштерди улантышыбыз, күчөтүш керек.

Жергиликтүү бийлик менен комплекстүү иштерди баштоого Экономика министрлигинен, Финансы министрлигинен, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан ж. б. бардык кызыкдар тараптардан сунуштарды күтөм», — деди Мамлекет башчысы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин баяндамасын угуп.

Связанный пост