Президент бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн ачыктыкка чакырды

 Президент бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн ачыктыкка чакырды

«Айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор, бюджеттен айлык алган ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди „бүгүн эмне иш кылгандыгы боюнча“ жалпыга маалымдоо айдыңына чыгып, маалымат берип турууга милдеттендиремин», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер Кабинетинин жыйынында.

Мамлекет башчысы бийлик органдарынын өкүлдөрүн ай сайын отчет берип турууга жана аймактарда аткарылган иштер тууралуу  элге жана массалык маалымат каражаттарына маалымат берип турууга чакырды.

«Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу — бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат.

Мурдагыдай „эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек“ деген кадрлар арабызда болбоого тийиш.

Азыр уктап жатчу учур эмес. Мен ар дайым ачыкмын.

Кай жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпеймин.

Бардык суроолорго түз эле, ачык жоопторду берип келемин.

Бардык министрлер, Администрациядагы жетекчилер бүт региондорду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост