Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи

 Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында тапшырмаларды аткаруу тартибин сактоонун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны — 5779. Алардын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы — 5,2%. Бул боюнча аймактардан начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге иш кагаздарын жүргүзүүнүн жыйынтыгын жакшыртуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Президент Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул көрсөткүчтү минималдуу деңгээлге түшүрүп, бардык тапшырмалар 100% өз мөөнөтүндө аткарылышы керектигин белгиледи.

«Тапшырмаларды, чечимдерди, мыйзамдарды эмне үчүн чыгарабыз? Силердин ишиңер жакшы болсун деп чыгарабыз да. Бардык чечимдердин түбү жер-жерлерден —  өзүңөрдөн келерин билесиздер! Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн —  кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатмайынча, жасалып жаткан реформалар жакшы жыйынтык бербейт.

Аны турмуш өзү көрсөтүп жатат. Башкы себеп — кадр маселеси.

Иштин көзүн билбеген, чыгарылган жарлыктарга, чечимдерге көптүн бири катары жасалган мамилелер катталып жаткандыгын көрүп жатам.

Көпчүлүк учурларда айрым жетекчилер формалдуу иштер менен алек болуп, жасап жаткан иштериңердин жыйынтыгы көрүнбөйт. Мунун айынан астыңардагы кызматкерлер өзүңөргө жараша ишти аткарып жатышат.

Туура жыйынтык чыгарып, ишиңерди оңдогула. Иштин жыйынтыгын бербеген кадр менен дароо эле коштошкула.

Эмнеге кармайсынар андай кадрларды?

Буга чейин жыргатпаган — мындан кийин да жыргатпайт!», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жобосу бекитилген Президенттин Администрациясынын коллегиясында зарыл чечимдер кабыл алынат.

Связанный пост