Акылбек Жапаров: “Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар, 110ун оңдодук”

 Акылбек Жапаров: “Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар, 110ун оңдодук”

Кыргызстанда 245 авариялык мектеп бар, 110у оңдолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында.

Анын айтуусуна караганда, 219 миң 704 аз камсыз үй-бүлө бар, 710 миңден ашык пенсионер, 113 миң 884 жакыр жашаган бүлө бар.

“Жыл сайын 10 миңдей жаңы кошумча окуучулук орунга муктаждык жаралууда. Ал үчүн жылына 24 мектепти жаңы салып турушубуз керек. Демек, аларга жана авариялык мектептерди салганга, республика боюнча ооруканаларды жаңыртканга, социалдык аярлуу калкты камсыздаганга, азык-түлүктү камсыздаганга ж.б. бизде кошумча булактар болушу керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, иш-чарада 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Связанный пост