Президент 1-ноябрга чейин Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды

 Президент 1-ноябрга чейин Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, министрлер кабинетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго 1-ноябрга Суу жана Жер кодекстеринин жаңы редакцияларын даярдоону тапшырды.

Мамлекет башчысы дүйнөдө ичүүчү суунун баркы, куну өскөнүн белгиледи.

“Биз анын баркын билбей, ичип жаткан таза сууларыбыз менен кендерди иштеткенге берип келдик. Мындан ары андай болбошу керек. Суу кодекси менен Жер кодексинин жаңы редакциялары 1-ноябрга чейин бүтүшү керек. Сиз буга толук жооптуу болосуз”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Айыл чарба министринин баяндамасын угуп, президент ушунча каражатты бөлүп жатканда да айыл чарбасындагы 2%га өсүш деген таптакыр туура эмес экенине көңүл бурду.

“Сиз мунун үстүндө кардиналдуу чечимдерге барып, катуу ойлонушуңуз керек. Азык-түлүк коопсуздугу биринчи орундан эч качан түшпөйт. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча планды иштеп чыгып бекитиңиз.\

Азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерди өнүктүрүүдө өзүңөр белгилеген 6 түрүн толугу менен 2 жылдын ичинде ишке ашыргандай болуңуз”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Аскарбек Жаныбековго аткаруучулук тартипти бекемдөөнү тапшырды. Ал 81 документ белгиленген мөөнөттү бузуу менен (18,5%) аткарылганын же 2021-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда аткаруу тартиби 1,9 %га начарлаганын белгиледи.

Связанный пост