Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин сынга алды

 Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин сынга алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды.

“Акимдерге биз өтө чоң ыйгарым укуктарды бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык көрүнбөй жатат. Жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштебегендиги үчүн жарандар агылып, бизге арызданып келүүдө. Ар бир жарандын маселесин терең түшүнүп, качан, кантип чечсе болорун айтып, жарандар эмес, силер бизге сунуш кылып киргизип турушуңуздар керек болчу”, – деп кайрылды аларга Мамлекет башчысы.

“Биз эл менен силердин ортоңордо арбитр болуп калдык. Силерге тиешелүү ишти биз аткаруу менен алектенүүдөбүз. Бул жакшы көрүнүш эмес. Азыртадан ойлонуңуздар”, – деди ал.

Президент кандай гана кызмат болбосун аны мансап катары көрбөөнү эскертти.

“Биз элге кызмат кылып жатканыбызды жакшылап аңдап-түшүнүшүбүз керек. Буга чейин билимдүү жана тажрыйбалуу адистерди кармап калууга мүмкүндүк бербеген эмгек акынын аздыгы шылтоо болуп келген. Буюрса, 1-августтан тартып бул маселени жакшыртабыз. Ошондуктан иштейм деген кадрларды тапкыла. Ар бир кызматкер өз ишин жүрөгү менен сүйүп иштегидей болсун”, – деди Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост