Садыр Жапаров: “Коррупцияны, контрабанданы жоюунун бирден-бир жолу — баарын автоматташтыруу”

 Садыр Жапаров: “Коррупцияны, контрабанданы жоюунун бирден-бир жолу — баарын автоматташтыруу”

«Коррупцияны, контрабанданы жоюунун бирден-бир жолу — баарын автоматташтыруу, адам факторлорун максималдуу кыскартуу», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, мамлекет башчысы салык жана бажы кызматтарынын IT инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.

«ККМ боюнча иштөөнү токтотпогула. Элге дагы түшүндүрүңүз. Бул тапшырманы аткарыңыз. Кыргызстан да электрондук төлөмдөрдүн дүйнөлүк системасына өтүшү керек. Мындан тышкары, коррупциянын, бюрократиянын ар кандай көрүнүштөрүн жокко чыгарып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөө керек!», — деп тапшырма берди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров ККМ аппараттарын киргизүү — бул бир гана салык эмес, бул:
— түн ичинде өтүп жаткан контрабанда менен жалпы элдик күрөш;
— товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл,
бул баарыбыздын ден соолугубуз;
— сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн «кара ниет» ишкерлерди — финансылык тартипке жалпы элдик чакыруу болуп саналарына көңүл бурду.

Ошондуктан Садыр Жапаров белгилегендей, ККМ аппараттары бардык жерге киргизилиш керек. Контрабанда менен аёосуз күрөш болот.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы быйыл өлкө экономикасында көп иштер жасалып, башталганын баса белгиледи.

«30 жылдык тарыхыбызда биринчи жолу 20 миң тонна битум алынып келинди. Азыр республикабыздын көпчүлүк жерлеринде жолдорубуз асфальтталып жатат. жолчулардын айлыктары — иштин көптүгүнөн биз көтөрө электе эле 20-25 миңден болуп жаткандыгы боюнча маалыматтар келди. Бул жакшы. Демек, биз иштин көлөмүн көбөйтүүчү багыттарга да артыкчылык беришибиз керек», — деп белгиледи президент.

Связанный пост