Кыргызстандын калкынын иш менен камсыздуулук деңгээли көбөйүп, жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат. 2021-жылы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллионго жакын адамды түздү, алардын ичинен 2,5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуздар. […]Читать далее
2022-жылы 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу пландалууда. Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Россиянын өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүдө негизги көңүл Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара аракеттенүүсүнө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоого бурулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кеңейтүү иши жүрүп жаткан Шопоков көчөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган көчө 21 метрге кеңейтилип, жолдун эки тарабына тротуар, темир-бетон арык курулук, жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.Читать далее
2022-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү максатында Кампания регионунун Казерта шаарына иш сапары менен барып, Касерта шаарынын мэри К.Марино менен жолугушту. Кыргызстандын Элчиси К.Мариного Кыргызстандын шаарларынын бири менен өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда түз байланыштарды түзүү үчүн Достук жана кызматташтык жөнүндө келишим түзүүнү сунуштады. Өз кезегинде мэр К.Марино Казерта муниципалитети тарабынан […]Читать далее
Аламүдүндө 3 миң долларлык зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Б.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 1-3-июль күндөрү белгисиз адамдар үйүнө кирип, 3 миң долларлык алтын жана күмүш буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо […]Читать далее
Аламудун райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан «Жаш өспүрүм жана Жай» аттуу алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Чүй облусунун ички иштер органдарынын милиция кызматкерлери тарабынан жай мезгили учурунда сууга түшүү коопсуздугун сактоо максатында ар кандай алдын алуу иш-чараларды жүргүзүп келет. Июль айынын 14 жана 15 күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 21-22-23-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишет. Иш-чаранын программасы: 21-июлда саат 17:00дө фестивалдын ачылышы, костюмдар парады, Ата мекендик жана эл аралык дизайнерлердин мода […]Читать далее
Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды. Ыкчам-издөө аракеттердин жыйынтыгында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун аймагында бир катар уурулук жасаган эки шектүү кармалды. Тактап айтканда, Ысык-Ата районунун Ички иштер органдарына жергиликтүү тургундар белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Алар ушул жылдын март айынан […]Читать далее